КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 17-июну № 270-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы "№ 81497 жана № 86123 аскердик бөлүктөрдүн" деген цифралар жана сөздөр "өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборлорунун (Түндүк жана Түштүк)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |