Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-июну № 260-б
Аткаруу бийлигинин системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөртүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктунда:
- онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп эсептелери белгиленсин.";
- 7-пунктундагы "коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча" деген сөздөр "коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбору жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"МЧКБ УКБнын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет. МЧКБ УКБнын персоналдык курамы Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.".
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ