Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 27-июну № 341
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб (мындан ары - оперативдүү штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Оперативдүү штабга төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу ишине тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Джунушалиев Кашкар Астаканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, оперативдүү штабдын жетекчиси; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары; |
Мусакеев Дамир Сагындыкович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын начальниги, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары. |
Оперативдүү штабдын мүчөлөрү: | ||
Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Тойматов Самат Шакиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Осоев Эркинбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Дуйшеналиев Нурбек Макибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Имаев Мирбек Кожобекович | - | Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи командачысы; |
Бердалиев Шамиль Шамшиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Жапаров Талайбек Токталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Касымов Женишбек Абдилович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Милицкий Геннадий Алексеевич | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Султаналиев Туруспек Оморович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Монолдоров Дамир Черикович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары. |