КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-июлу № 311-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- 6-пунктунда:
"Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасында "I" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын;
"Жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуунун мөөнөтү жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү" графасында "II" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |