Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-июлу № 308-б
Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу, Бишкек-Ош автомобиль жолунун 9-40 км участогунда автомобиль жолунун транспорттук өткөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыздоо максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги:
- долбоорлоо-сметалык документтерди даярдасын жана Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүн уланткан автомобиль жолун Бишкек шаарынын Кустанай көчөсүнөн Чүй облусунун Сокулук районунун Түндүк айланма жолуна чейин курууну 2016-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жана эсебинен ишке ашырсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолунун курулушу аяктагандан кийин оперативдүү башкарууга алсын жана аны андан ары тейлөөнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине финансы каражаттарын пайдалангандыгы жөнүндө маалымат берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге (макулдашуу боюнча) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолунун курулушу үчүн жер участогун белгиленген тартипте бөлүп берүүнү камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |