РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 318-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу

Редакция15.07.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2016-жылдын 15-июлу № 318-б

1. "Коомдоштуктарды социалдык жактан коргоонун улуттук системасын өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү" жөнүндөгү өнүктүрүү долбоору боюнча иш-чараларды аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков