Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-июну № 354
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоонун болгон резервдерин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө салыктарды чогултууну башкаруу механизмин, салыктык эмес жана бажы төлөмдөрүн, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоонун мүмкүн болгон резервдердин талдап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүдөй укук берилсин:
- эксперттерди, консультанттарды, мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга;
- жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Уметалиев Санжар Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Тюменбаев Баккельди Рахимович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Зарлыков Эрнис Зарлыкович | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Азимов Алмаз Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Салиев Алмамбет Абдимиталипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Шамканов Кумушбек Куручбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыбеков Азаматбек Мелисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Сыдыков Улан Данилович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти; |
Карагулова Айдай Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти; |
Биялинов Алымбек Юсупович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгынын инспектору (макулдашуу боюнча); |
Мадяров Тимур Мысырович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдик башкармалыгынын начальниги; |
Шин Александр Витальевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдик башкармалыгынын улук оперкызматкери; |
Сабыржанов Замирбек Бердибекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызмат бөлүмүнүн начальниги; |
Алиев Бекболот Абдыганиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер башкармалыгынын начальниги; |
Шеримбекова Майрам Исажановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык тобокелдиктерди талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Кулмамбетов Самат Дильдемуратович |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажы саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Исмаилов Мурат Аманович | - | "Салык консультанттары палатасы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ишалина Диляра Ясыровна | - | USAID BGI долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча); |
Красников Андрей Алексеевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Сатыбеков Бакыт Эрнисович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Карымшаков Камалбек Толонович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Бексултанов Чынгыз Мирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абакиров Эрнст Барыктабасович | - | эксперт (макулдашуу боюнча); |
Асаналиев Аскарбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Коомдук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |