Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 2-майы ПУ N 153 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө Республиканын шаарларында башкарууну андан ары демократиялаштыруужана жергиликтүү башкаруунун азыркы системасын тартипке салуу,өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын калк алдындагы жоопкерчилигинжогорулатуу, аймактык дењгээлде башкаруунун натыйжалуулугунжогорулатуга көмөк болуучу алардын өз ара аракетин жана ишиндегимаалымдуулукту өнүктүрүү максатында токтом кылам: 1. Областтык баш ийүүдөгү Ош, Жалал-Абад, Талас, Балыкчы, Сүлүктү,Кара-Көл, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарларына жергиликтүүмаанидеги иштерди башкарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу жанамамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү принциптеринде жүргүзүүгө укукберилсин. 2. Республиканын жогоруда аталган шаарларында шаардык өз алдынчабашкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы – коллегиялуу органдан – аткаруукомитетинен (мындан ары – атком) жана мэриянын аппаратынан турганмэрия түзүлсүн. 3. Шаардык бийлик жана башкаруу органдарынын тыгыз өз ара аракетинуюштуруу, жалпы аткарылуучу милдеттерди чечүүнүн жүрүшүндө алардынишин координациялоо, жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын ишининоперативдүүлүгү жана сапаты үчүн жекече жоопкерчиликти белгилөөмаксатында ошол шаарларда шардык өз алдынча башкаруунун башчысынын –шаардын башкы кызмат адамы болуп саналган шаардын – мэринин (мынданары – шаардын мэри) кызматы киргизилсин. 4. Шаардын мэри шаардык өз алдынча башкаруунун башчысынынфункцияларын аткаруу менен бир учурда эле шаардык мамлекеттикадминистрациянын башчысынын ыйгарып берилген укуктарын да аткарып,ошондой эле аткомго жана мэриянын аппаратына жетекчилик кылатургандыгы белгиленсин. 5. Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларындажергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө Жобо(тиркелет) бекитилсин. 6. Шаардын мэри шаардык кењештин депутаттары тарабынан 4 жылдыкмөөнөткө шайлана тургандыгы белгиленсин. Шаардын мэринин кызматорунуна шайлоо үчүн талапкерлер Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан аныкталат жана анын өкүлү тарабынан шаардык кењешке сунушкылынышы мүмкүн. Шаардын мэрине сунуш кылынган талапкерлер эки жолу четкекагылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти шаардын мэрининмилдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындайт жана шаардык кењештитаркатат. 7. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын – шаардынмэрин шайлоо жөнүндө Жобо (тиркелет) бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясына тийиштүу шаардык кењеш менен бирдикте шаардынмэрин бекитилген жобого ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун. 8. Шаардын мэрин расмий шайлоого чейин анын функциясын тийиштүүшаардык мамлекеттик администрациянын башчысы убактылуу аткаратургандыгы белгиленсин. 9. Шаардын аткомунун жана мэринин ишин камсыз кылуу максатындашаардык мамлекеттик администрациянын аппараты шаардык өз алдынчабашкаруунун – мэриянын аппаратына кайра түзүлсүн. 10. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жанарегиондук өнүктүрүү иштери боюнча министри жергиликтүү жамааттардынКонгресси жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын Ассоциациясы бирайлык мөөнөттө шаардын үлгүлүк Уставын иштеп чыксын жана КыргызРеспубликасынын Президентинин кароосуна киргизсин. 11. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жанарегиондук өнүктүрүү иштери боюнча министри областтык мамлекеттикадминистрациялардын башчылары – губернаторлор жана областыккенештердин төрагалары менен бирдикте эки айлык мөөнөттө шаарлардынмэрияларынын кызмат орундарынын санын аныктоо, шаардын объекттеринпаспорттоштуруунун негизинде шаардык жамааттын коммуналдык менчигинтүзүү, шаардык өз алдынча башкаруунун бюджетин түзүү боюнча маселеникарасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 12. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынынуюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмү 2001-жылдын 1-июлуна чейин өз алдынча башкаруу принциптерине которулган шаарлардынмэринин кызматына көрсөтүү үчүн кадрлардын резервин даярдасын, КыргызРеспубликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондукөнүктүрүү иштери боюнча министри жана областтык мамлекеттикадминистрациялардын башчылары – губернаторлор менен макулдашуу боюнчашаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын – мэрдишайлоо боюнча шаардык кењештин жыйналышын өткөрүү графигин иштепчыксын. 13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө: - шаардын аймагында турган объекттерди паспорттоштуруунун, жанакоммуналдык менчикти түзүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынынсушунтарынын негизинде коммуналдык менчик объекттерин областтык башийүүдөгү шаарлардын карамагына өткөрүп берүү мөөнөтүн жана тартибинаныктасын; - шаардын мэриясына ыйгарып бериле турган мамлекеттик укуктардынтизмесин жана көлөмүн аныктасын; - Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына ушул Указданкелип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караганМыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кырыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна койсун; - ушул Указдан келип чыккан уюштуруу, финансы жана башкамаселелерди чечсин; - өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин. 14. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 15. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев