КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 20-июлу № 405
Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин 2010-жылдын 7-апрелинде болгон өрттүн натыйжасында жоголгон эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды калыбына келтирүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек жолу, кызмат ордуна дайындалгандыгы жана бошотулгандыгы жана иштеген мезгили, эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды белгилөөнү камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда төмөнкүдөй укук берилсин:
- министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга;
- иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин 2010-жылдын 7-апрелинде болгон өрттүн натыйжасында жоголгон эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды калыбына келтирүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Карагул уулу Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Алмазбекова Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын финансы бөлүмүнүн башкы адиси, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Алыгулова Г. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башкы адиси; |
Усеналиева Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кадр кызматынын ченемдик-укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (макулдашуу боюнча); |
Ашымбек уулу А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Бечеков Ж.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин директору; |
Карабаева Н.А. | - | Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясынын Борбордук комитетинин уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Абдыкадырова Н. | - | Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын финансы маселелери боюнча башкы адиси; |
Дононбаева Л.К. | - | Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын кадр маселелери боюнча башкы адиси. |