РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 342-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы (JIСА) Гранттык макулдашуунун ноталарынын долбооруy жактыруу тууралу) буйругу

Редакция29.07.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 29-июлу № 342-б

1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбооруна карата Алмашуу ноталарынын долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбооруна карата Гранттык макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын долбооруна жана Гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков