Редакцияот 09.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2016-жылдын 9-марты № 91-б

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны каржылоого республикалык бюджеттен 16 039, 0 (он алты миллион отуз тогуз миң) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлсүн.

2. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков