КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-июлу № 310-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 430-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорунун ортосундагы Өткөрүлүп берилүүчү САSА-1000 системасына карата макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 430-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | С.Жээнбеков |