Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 27-июлу № 336-б
Жарандарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен документтештирүү жаатындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү, ошондой эле шашылыш документтештирүү процессинде калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-декабрындагы № 613-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү, 2/14 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борборунда" деген сөздөр жана цифралар "Бишкек шаары боюнча калкты тейлөө борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "1-июлуна чейин" деген сөздөр жана цифра "31-декабрына чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |