Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-августу № 346-б
2009-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас облусунда кыргыз-индия картошканы кайра иштетүүчү завод куруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас облусунда кыргыз-индия картошканы кайра иштетүүчү завод куруу жөнүндө макулдашуунун алкагында "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому Талас облусунда картошканы кайра иштетүүчү завод куруу үчүн жеткирилип берилген жабдууларды алуучу деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жабдууларды белгиленген тартипте бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |