Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-августу № 348-б
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин инфратүзүмүн өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын сактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2016-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине алып баруучу узундугу 840 метр кирме жолду жана автомашиналар үчүн аянтчаны долбоорлосун жана курсун;
- курулуш иштери бүткөндөн кийин 840 метр узундуктагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине кирме жолду жана автомашиналар үчүн аянтчаны оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана аларды андан ары күтүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен бирдикте (макулдашуу боюнча) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кирме жолду жана автомашиналар үчүн аянтчаны курууга жер участогун белгиленген тартипте бөлүп берүүнү камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |