Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-августу № 379-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп берсин:
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 8995144, кузовунун № ХТА21074082689685 "ВАЗ-21074" маркасындагы автомашинаны;
- Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнө 1996-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № G40ST146187, кузовунун № KMLFD37GPTU324065 "Хундай Н100" маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте белгиленген тартипте Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 2005-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 40032071, кузовунун № 31105050055617 "ГАЗ-31105" маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин.
3. Ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- белгиленген тартипте автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- автотранспорт каражаттарын бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чектеринде кармоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик органдардан кайра каттоо.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |