Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-августу № 374-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары башкармалыгынын катынын негизинде "Форд-Транзит" маркасындагы, 2005-жылы чыгарылган, кузовунун № NMOJXXTTFJ5E64163, кыймылдаткычынын № 5Е64163, көлөмү V=2402 см3, ак түстөгү автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыкчам пайдалануусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын ыкчам пайдаланууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |