Редакцияот 16.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 16-августу № 376-б

"Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария үчүнчү долбоорун" каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 217-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы "21-22-июнунда" деген цифралар жана сөз "17-19-августунда" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;

- жогорудагы аталган буйруктун тиркемесинин аталышындагы "21-22-июнунда" деген цифралар жана сөз "17-19-августунда" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков