Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-августу № 442
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 924 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Шамканов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Далбаев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Омурзаков С.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары;
Карагозуев С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги;
Сатыбалдиев Т.А. - Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Базарбаев Ш.А. - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери секторунун башчысы;
- ведомстволор аралык комиссиянын курамынан Ж.Ж.Мамбеталиева, А.Ж.Жээналиев, М.К.Есеналиев, Б.Б.Жусубалиев, С.Т.Жолдошев, А.Ж.Жамшитов, А.Г.Гапаров, М.Ж.Тешебаев чыгарылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |