Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 5-сентябры № 393-б
Кыргыз Республикасынын аймагына 2016-жылы эгин оруучу комбайндарды жана эгин оруучу комбайндардын модулдарын ташып келүүгө квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- жеткирип берүүчүлөрдөн жана айыл чарба ишканаларынан эгин оруучу комбайндарга жана эгин оруучу комбайндардын модулдарына өтүнмөлөрдү жыйноону уюштурсун жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2013-жылдын 25-июнундагы № 143 "Эгин оруучу комбайндарга жана эгин оруучу комбайндардын модулдарына карата импорттук квотаны киргизүү аркылуу атайын коргоо чараларын колдонуу жөнүндө" чечими менен белгиленген квоталардын чегинде сатып алуулардын көлөмдөрүн берилген өтүнмөлөрдүн негизинде аныктасын;
- эгин оруучу комбайндарды жана эгин оруучу комбайндардын модулдарын жеткирип берүүчүлөргө жана айыл чарба ишканаларына берилген өтүнмөлөрдүн саны жана импорттук квотаны бөлүштүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына билдирүүнү жайгаштыруу аркылуу маалымат берсин;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө эмес өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына эгин оруучу комбайндардын келиши мүмкүн экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына маалымат жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эгин оруучу комбайндарды жана эгин оруучу комбайндардын модулдарын жеткирип берүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин эгин оруучу комбайндарды жана эгин оруучу комбайндардын модулдарын импорттоого эксперттик корутундусунун негизинде лицензия берсин.
Эгерде талапкер катышуучулар тарабынан берилген өтүнмөлөрдө көрсөтүлгөн эгин оруучу комбайндардын жана эгин оруучу комбайндардын модулдарынын жалпы саны (даанасы) Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген импорттук квотанын көлөмүнөн ашып кетсе, аларды бажы статистикасынын маалыматтарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн көлөмүнүн жана өтүнмөлөрдүн көлөмүнүн үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |