КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-сентябры № 406-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 126-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун алтынчы абзацындагы "Транспорт жана коммуникациялар министрлигине" деген сөздөр "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |