КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-сентябры № 396-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигинде региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин региондор аралык кызматташтыгы жөнүндө конвенциянын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Конвенцияга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |