Редакцияот 29.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 29-августу № 387-б

2005-жылдын 24-25-мартындагы жана 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги талап-тоноолордун, мародёрчулуктун жана башаламандыктын натыйжасында жабыр тарткан "Бурул - Кайра жаралуу" кредиттик союзунун катышуучуларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 360-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

- карызды кайтаруунун мөөнөттөрү 15-июндагы жана 15-декабрдагы жарым жылдык бирдей төлөмдөр менен төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

2016-жылы - 2000000,0 (эки миллион) сом;

2017-жылы - 3000000,0 (үч миллион) сом;

2018-жылы - 7000000,0 (жети миллион) сом;

2019-жылы - 8000000,0 (сегиз миллион) сом.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков