Редакцияот 30.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 30-сентябры № 525

Эл аралык карылар күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын иштебеген пенсионерлерине материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 68 000 (алтымыш сегиз миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков