Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 3-майы ПУ N 154 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ К.Абдырахмановду, С.Абдувахидовду, С.Баетовду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Кыргызстанда коомду руханий жактан жањылоого, достукту жанаулуттар аралык ынтымакты чындоого кошкон салымы үчүн төмөнкүлөрсыйлансын: «Данакер» ордени менен Абдырахманов Кимсанбай ажы – Кыргызстан мусулмандарынын динбашкармасынын муфтийи Абдувахидов Саипжан – Ош областынын мусулмандарынын казысы Баетов Сатылган – Талас областынын мусулмандарынын казысы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев