Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-сентябры № 409-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы (мындан ары - Программа) боюнча ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкаларын бекитүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Программаны ишке ашыруунун алкагында даяр турак жай сатып алууга ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставкалар төмөнкүдөй белгиленсин:
- жылдык 12% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 10%дан 20%га чейин төлөөдө же алгачкы төгүмдүн ордуна кошумча күрөөнү берүүдө;
- жылдык 11% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан 30%га чейин төлөөдө;
- жылдык 10% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 30%дан тартып төлөөдө.
2. Программаны ишке ашыруунун алкагында жеке турак үйлөрдү курууга ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкалары төмөнкүдөй белгиленсин:
- жылдык 14% - жеке турак үй куруу мезгилинде ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан тартып төлөөдө;
- жылдык 10% - жеке турак үйдүн курулушу аяктагандан кийин.
3. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна өнөктөш банктар менен бирге берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарын эске алуу менен төмөндөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу сунушталсын.
4. Ушул буйрук 2017-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-сентябры № 409-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 64-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы (мындан ары - Программа) боюнча ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкаларын бекитүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Программаны ишке ашыруунун алкагында даяр турак жай сатып алууга ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставкалар төмөнкүдөй белгиленсин:
- жылдык 12% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 10%дан 20%га чейин төлөөдө же алгачкы төгүмдүн ордуна кошумча күрөөнү берүүдө;
- жылдык 11% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан 30%га чейин төлөөдө;
- жылдык 10% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 30%дан тартып төлөөдө.
2. Программаны ишке ашыруунун алкагында жеке турак үйлөрдү курууга ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкалары төмөнкүдөй белгиленсин:
- жылдык 14% - жеке турак үй куруу мезгилинде ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан тартып төлөөдө;
- жылдык 10% - жеке турак үйдүн курулушу аяктагандан кийин.
3. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна өнөктөш банктар менен бирге берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарын эске алуу менен төмөндөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу сунушталсын.
4. Ушул буйрук 2018-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 64-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |