Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-декабры, № 649-6
Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы № 101 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга, "Кыргыз Ресггубликасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1. "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза" долбоорун ишке ашыруу үчүн "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна Азия өнүктүрүү банкынын каражатын төмөнкүдөй берсин:
а). 52 750 000 (элүү эки миллион жети жүз элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына төгүм түрүндө;
б) 52 750 000 (элүү эки миллион жети жүз элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат кредит түрүндө төмөнкүдөй шарттарда:
-кредиттин мөөнөтү - 25 жыл, анын ичинде жеңилдетилген мезгили - 8 жыл;
-кредиттик каражаттарды пайдаланууга пайыздык ставка - жылына 1,5 пайыз, ал иш жүзүндө алынган негизги суммага гана колдонулат;
-күрөөсүз;
-негизги сумманы төлөө мезгили -жылына эки жолу, 15-мартта жана 15-сентябрда, жеңилдетилген мезгил өткөндөн кийин;
-кошуп эсептелген пайыздарды төлөө мезгили - жылына эки жолу -15-мартта жана 15-сентябрда, мында эсептөөлөр кредиттин каражаттарын алган күндөн тартып санала баштайт.
-айыптык санкциялар - кечиктирилген карыздын суммасынан жылына 3 пайыз.
2) "Электр станциялар" ачык акционердик коому менен жогорудагы шарттарда карыздык милдеттенмесин түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги уш|ул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик каражаттарды "Электр—
станциялар" ачык акционердик коомунун максаттуу пайдалануусун жана өз убагында кайтаруусун контролдоону камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |