Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 5-октябры № 415-б
Ош шаарынын электр менен камсыздоо системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын, "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган макулдашууларга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Ошэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө ушул долбоордун алкагында тартылган инвестицияларды эсепке алсын.
Премьер министри | С.Ш. Жээнбеков |