Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-октябры № 413-б
Талас жана Жалал-Абад облустарынын калкынын социалдык-экономикалык абалын жана жашоо-шарттарын, республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, Республикасынын Граждандык кодексинин 23311 жана 23312 беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 53 жана 54-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 26-июлундагы № 05-15-2/1327 кайрылуусун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомунун чектелген чарбалык иш жүргүзүү зонасына кирген, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан аянты 2962,8 кв. м жер участогуна "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому ишке ашыруучу эки чынжырлуу 110 кВ чыналуудагы аба электр беруу линиясын курууну уюштуруу үчүн тиркемеге ылайык төмөнкү шарттарда сервитут белгилөө жөнүндө сунуштарына макулдук берилсин:
- жогоруда аталган жерлерди максаттуу пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги берген 2008-жылдын 22-декабрындагы № Аи-88-02 Иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга лицензиянын жарактуулук мөөнөтүндө;
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо;
- техникалык ченемдерди жана талаптарды сактоо;
- бул жер сервитуту сатып алуу-сатуунун, күрөөгө коюунун предмета боло албайт жана ар кандай башка ыкмалар менен юридикалык жана жеке жактарга берилбейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сервитут белгилөө үчүн өз убагында жана тиешелүү акы төлөө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркы менен "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомунун ортосунда ушул буйруктун 1-пунктунда аталган шарттарда жер участокторуна сервитут белгилөө жөнүндө макулдашуу (келишим) түзүүнү камсыз кылсын.
3. "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлерду камсыз кылуу сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жер участокторуна техникалык жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө эксперттик корутундулары менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С.Ш. Жээнбеков |
| Тиркеме |
Сервитут белгилөө үчүн "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын жер участокторунун аянты
Учас токтун № | Участоктун аянты, м 2 | Участок-тун кординаттары | Максаттуу зона | ||
Кендик | Узактык |
| |||
328 | 63,3 | 42°16'10.79235"N | 71°3'48.87958"E | Чектелген чарбалык иш «Ургузуу | |
329 | 85,6 | 42°16'0.2545"N | 71°3'43.79283"E |
| |
330 | 73.2 | 42°15'56.89663"N | 71°3'35.54566"E |
| |
331 | 66.4 | 42°15'47.56211"N | 71°3'27.26319"E |
| |
332 | 42,5 | 42°15'39.09061"N | 71°3'16.58219"E |
| |
333 | 65,6 | 42°15'30.77222"N | 71°33'6.09618"E |
| |
334 | 53,7 | 42°15'20.71776"N | 71°33'5.37719"E |
| |
335 | 63,3 | 42°15'12.54162"N | 71°2'59.14882"Е |
| |
336 | 78,4 | 42°15'1.75744"N | 71°33'3.4313"E |
| |
337 | 70.4 | 42°14'53.61528"N | 71°2'52.82476"E |
| |
338 | 80 | 42°14'43.50454"N | 71°2'49.60551"E |
| |
339 | 47,9 | 42°14'34.04493"N | 71 2'43.25569"Е |
| |
340 | 73,2 | 42°14'23.14392"N | 71°2'35.93912"E |
| |
341 | 84,6 | 42°14'16.1326"N | 71 2'32.83171'Е |
| |
342 | 101,1 | 42°14'10.27537"N | 71 32'40.5534"E |
| |
343 | 78,2 | 42°14'3.49032"N | 71 2'45.19866"Е |
| |
344 | 92,9 | 42°13'56.61"N | 71°32'54.21"E |
| |
345 | 105,2 | 42°13'53.43179"N | 71°2'58.40272"E |
| |
346 | 79,6 | 42°13'47.12841"N | 71°33'5.08211"E |
| |
347 | 73,8 | 42°13'40.96095"N | 71 3'11.61815"E |
| |
348 | 83,9 | 42°13'36.50351"N | 71 З'16.34564"Е |
| |
349 | 73,8 | 42°13'31.67807"N | 71°3'21.45108"E |
| |
350 | 83,9 | 42°13'25.8011"N | 71°3'27.67889"E |
| |
351 | 105,2 | 42°1320.50251"N | 71°3'33.29143"E |
| |
352 | 97 | 42°13'12.05809"N | 71°3'42.23726"E |
| |
353 | 90,1 | 42°13'6.60177"N | 71°3'48.01531"Е |
| |
354 | 76,2 | 42°12'56.94975"N | 71°3,58.23789"E |
| |
355 | 93,3 | 42°12'52.83024"N | 71 34'2.60072"E |
| |
356 | 103,7 | 42°12'48.87153"N | | 71°34'6.79207"E
|
| |
357 | 91,7 | 42°12'44.6329"N | 71 4'11.28044"Е |
| |
358 | 80,4 | 42°12'44.88896"N | 71°4'14.18619"E |
| |
359 | 73.2 | 42°12'37.27963"N
| 71 4'19.06649"Е |
| |
360 | 226.2 | 42°12'27.33026"N | 71°4'29.59979" E |
| |
361 | 205.3 | 42°12'10.70582"N | 71°4'47.19701"E |
| |