КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-октябры № 414-б
«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан, узундугу 24 км келген Бозумчак-Көк-Серек автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- аталган автомобиль жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2016-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде ондоону жана кармоону камсыз кылсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |