Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-октябры № 426-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты ѳнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен
Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы
Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Грузиянын Ички иштер министрлиги, мындан ары Тараптар деп аталып,
Тараптардын кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын негизине өз ара түшүнүшүү, өз ара пайда көрүү жана тең укуктуулук принциптери камтылганын баса белгилеп,
кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга чоң маани берип,
кызматташтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөө жана өнүктүрүү ниетин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене. Кызматташтыктын чөйрөлөрү
Тараптар тѳмѳнкү кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташат жана бири-бирине техникалык жана ыкчам жардам беришет:
а) уюшулган кылмыштуулук;
б) баңги жана психотроптук заттар жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү;
в) курал-жарак, ок-дары, жарылуучу заттар, химиялык, ядролук, радиоактивдик, биологиялык жана башка кооптуу материалдарды мыйзамсыз жүгүртүү;
г) адамдарды алып сатуу (трефикинг1) жана мыйзамсыз миграция;
д) жашоого жана ден-соолукка каршы кылмыштар;
е) менчикке каршы кылмыштар;
ж) кибер кылмыштуулук;
з) Тараптардын компетенциясына кирген башка трансулуттук жана эл аралык кылмыштар.
2- берене. Кызматташтыктын формалары
1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде каралган кылмыштардын алдын алуу, бетин ачуу жана аларга бөгөт коюу максатында Тараптар тѳмөнкү формаларда кызматташтыкты ишке ашырат:
а) ыкчам иликтөө маалымат менен алмашуу;
б) издөө салынган же дайынсыз жоголгон адамдарды, уурдалган буюмдарды жана кылмыштарга тиешеси бар башка буюмдарды издөө чөйрөсүндө кызматташуу;
в) ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара жардамдашу
г) жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын мамлекеттик коргоо менен камсыздоо.
2. Тараптар төмөнкү формаларда да кызматташат:
а) тиешелүү эксперттер менен алмашуу жана аларды окутуу;
б) биргелешип семинарларды өткөрүү;
в) кесиптик кадрларды даярдоодо жардам берүү;
г) илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен алмашуу;
д) полициялык жабдыктар менен жардам берүү;
е) криминалистика жаатындагы изилдөөлѳрдѳ колдонулган методдор жана каражаттар тууралуу маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
ж) ишти уюштуруунун, ыкчам иликтөө ишинин алдыңкы тажрыйбасы, укуктук ченемдик актылар, окуу адабияты жана ички иштер органдарынын ишинин маселелери боюнча маалыматтык материалдар менен алмашуу.
3- берене. Кызматташтыктын укуктук алкагы
Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде каралган Тараптардын ортосундагы кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, эл аралык укуктун негизги принциптерине жана ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
4- берене. Кармалган адамдар тууралуу маалымат берүү
Талап кылынган учурда ар бир Тарап башка Тарапка, ошол башка Тараптын мамлекетинин аймагында' кармалышы мүмкүн болгон башка Тараптын жараны тууралуу маалыматты Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана жеке маалыматты коргоо жѳнүндө эл аралык укуктун ченемдерине ылайык берүүгө тийиш.
5- берене. Адамдарды издөө чөйрөсүндө кызматташуу
Талап кылынган учурда Тараптар ѳз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык белгилүү тартипте издөөгө жарыяланган адамдарды издеп табуу, кармоо, камакка алуу жана алар тууралуу маалыматтарды берүү максатында бардык керектүү иш-чараларды жүргүзөт.
6- берене. Адамдарды алып сатуу чөйрөсүндө кызматташуу
1. Тараптар өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык адамдарды алып сатуудан жапа чеккендерди, аларды коргоо жана адамдарды алып сатууга катышкан адамдарды аныктоо жана кармоо максатында сурамжылайт.
2. Талап кылынган учурда ар бир Тарап өзүнүн мамлекетинин аймагында адамдарды алып сатууга катышкан же ошондой алып сатуудан жапа чеккен адамдар тууралуу маалыматты чогултат жана ал маалыматты башка Тарапка берет.
7- берене. Биргелешкен жумушчу топторун түзүү
Зарыл болгон учурда Тараптар, ушул Макулдашууда каралган кызматташуунун конкреттүү маселелерин карай турган биргелешкен жумушчу тобун түзүшү мүмкүн.
8- берене. Байланыш маалыматтары
1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар бири-бирине өздөрүнүн байланыш маалыматтарын беришет.
2. Тараптар өздөрүнүн аталыштарынын, ыйгарым укуктарынын же байланыш маалыматтарынын ар кандай өзгөрүүлөрү жөнүндө бири-бирине кабарлашат.
9- берене. Кызматташтык жөнүндө суроо-талаптар
1. Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташтык Тараптардын биринин суроо-талабыңын негизинде жүргүзүлөт.
2. Тараптар, эгерде маалымат башка Тарап үчүн пайдалуу болсо, бири-бирине суроо-талапсыз маалымат беришет.
3. Кызматташтык жөнүндө суроо-талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) суроо-талапты жиберген Тараптын аталышы;
б) суроо-талапты алган Тараптын аталышы;
в) суроо-талаптын предмети;
г) суроо-талаптын себеби;
д) суроо-талаптын аткарылышына көмѳктөшүүчү ар кандай башка маалымат.
4. Суроо-талаптар жана жооптор жазуу жүзүндө орус тилинде же башка тилде Тараптардын макулдашуусу боюнча даярдалышы керек.
5. Шашылыш учурларда Тараптар бири-бирине оозеки кайрылышы мүмкүн. Андай кайрылуу эки жумалык мөөнөттүн ичинде жазуу жүзүндө ырасталууга тийиш.
10- берене. Жеке маалыматтарды коргоо
Ар бир Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтар (мындан ары - маалыматтар), ушул Макулдашуунун алкагында төмөнкү жоболорго ылайык берилет жана колдонулат:
а) маалыматтарды талап кылган Тарап, талап кылынган Тараптын суранычы менен андай маалыматтардын колдонулушу жана анын натыйжалары тууралуу ал Тарапты маалымдайт;
б) талап кылган Тарап алган маалыматтарды ушул Макулдашууда аныкталган максаттарда жана талап кылынган Тараптын койгон шарттарын аткаруу менен колдонот;
в) талап кылынган Тарап бериле турган маалыматтардын ырастыгын камсыз кылууга, ошондой эле алардын зарылдыгын жана берүү максатына ылайыктыгын эске алууга тийиш. Мында Тараптардын мамлекеттериндеги мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүүгө коюлган тыюулар эске алынышы керек.
г) такталбаган маалыматтар же берилбей турган маалыматтар берилген учурда бул тууралуу талап кылган Тарапты ошол замат маалымдоо керек. Мындай учурда талап кылган Тарап ошол маалыматтарды оңдоого же аларды жок кылууга тийиш;
д) адамдын өзү тууралуу болгон маалыматтарды алуу укугу, андай
маалыматты берүү суроо-талабы кайсы Тараптын аймагынан берилген болсо, ошол Тараптын мамлекетинин мыйзамдары менен жөнгө салынат;
е) маалыматтарды берүүдө суроо-талапты алган Тарап, анын мамлекетиндеги мыйзамдар менен аныкталган ушул маалыматтарды сактоо мөөнөтүн көрсөтөт, аталган мөөнөт өткөндөн кийин маалыматтар жок кылынат. Берилген маалыматтар аталган мөөнөткө карабай, берилген максатына жеткенден кийин жок кылынууга тийиш;
ж) суроо-талапты алган жана суроо-талапты берген Тараптар маалыматтардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү;
з) суроо-талапты алган Тарап жана суроо-талапты берген Тарап маалыматтарды уруксатсыз алуудан, аларды өзгөртүүдөн жана жарыялоодон натыйжалуу коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
11- берене. Маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү
Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү үчүн ошол маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу керек.
12- берене. Мамлекеттик сырды камтыган маалыматты берүү
Ушул Макулдашуу мамлекеттик сырды камтыган маалыматты берүү үчүн негизди түзбөйт.
13- берене. Суроо-талапты аткаруудан баш тартуу
Суроо-талапты алган Тарап ошол суроо-талапты аткаруу мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине жана улуттук кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо, же Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына каршы келсе, суроо-талапты аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу.
14- берене. Чыгымдар
Эгер ар бир конкреттүү учурда Тараптар башка тартипке келишпесе, ар бир Тарап ушул Макулдашууну ишке ашыруу учурунда келип чыккан бардык чыгымдарды өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча көтөрөт.
15- берене. Башка эл аралык келишимдер менен катыштыгы
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын башка эл' аралык келишимдеринен келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
16- берене. Талаштарды чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан ар кандай талаштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана/же сүйлѳшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.
17- берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар жазуу жүзүндө өз алдынча документтер түрүндө таризделет жана ушул Макулдашуунун 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык күчүнө кирет. Ушинтип таризделген документтер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
18- берене. Корутунду жоболор
1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун күчүн дипломатиялык каналдар аркылуу башка Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирмесин жиберүү менен токтотушу мүмкүн. Макулдашуунун күчү башка Тарап ушундай билдирмени алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.
_____________ шаарында "____________" 2016-жылы, эки түп
нускада,- ар бири кыргыз, грузин жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей болуп эсептелет. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөде пикир келишпестиктер болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.