Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-сентябры № 405-б
Өлкѳнүн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсетүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын эсебине келип түшкөн 400,0 млн сом суммасындагы каражатты минералдык жер семирткичтерди. азык-түлүк буудай данын жана кумшекер сатып алууга пайдалансын;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2016-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бул каражатты пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган чыгымдарды каржылоону караган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроѳнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |