Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 7-октябры № 422-б
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча жоюу комиссиясы (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттѳ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу
мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу
боюнча жоюу комиссиясынын
курамы
Эгембердиев А.Р. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын начальниги (комиссиянын төрагасы);
|
Термечиков Б.Ш. | Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүм аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн начальниги;
|
Атканов Н.А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрлар менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Джолдошев Д.А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын инспектору |
Шейшенов А.С.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы оперативдүү-режим башкармалыгынын соттолгондор менен иштөө боюнча топтун улук оперкызматкери;
|
Алымбеков Б.А.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансылык-экономикалык башкармалыгынын инспектору;
|
Осмоналиев К.Ж.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун региондор менен иштөө боюнча башкармалыгынын адиси |