Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-октябры № 436-р
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, алардын ведомстволук бөлүмдөрүнγн, ошондой эле мамлекеттик ишканаларынын (мындан ары -сыноонун катышуучулары) маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү жана электрондук форматта маалымат алмашууну сыноо үчүн 2016-жылдын 15-октябрынан 31-декабрына чейин «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - «Түндүк» ЭВӨС») пилоттук (эксперименттик) режимде ишке киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
-Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Тышкы соодадагы бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
-2016-жылдын 15-октябрына чейин «Түндүк» ЭВӨСкө» кошулуу жөнүндѳ ведомстволор аралык макулдашуунун формасын, «Түндүк» ЭВӨС жөнүндө» убактылуу жобону иштеп чыксын жана аларды өзүнүн чечими менен бекитсин;
- 2017-жылдын 31-январына чейин «Түндүк» ЭВӨС» сыноосунун жыйынтактарын жалпыласын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин кароосуна сунуш киргизсин.
3. Сыноонун катышуучулары кыска мөөнөттѳ ведомстволор аралык макулдашуунун негизинде пилоттук (эксперименттик) режимде «Түндүк» ЭВӨСтү» пайдалануу менен электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү баштасын.
4. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр жана сыноого катышуучу мамлекеттик маалыматтык системалардын ортосунда электрондук кызмат керсөтуүлөр жана электрондук форматта маалымат алмашуу акысыз негизинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С.Ш. Жээнбеков |