Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-октябры № 431-р
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-6 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планын аткарууга республикалык бюджеттен 4277,0 мин сом суммасындагы каражат бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- бөлүнгөн каражатты пайдалануу жѳнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С.Ш. Жээнбеков |