Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 19-октябры № 443-б
Түзүлгөн келишимдер боюнча контрагенттер алдында милдеттерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин атайын эсебине келип түшкөн 16 808 ООО (он алты миллион сегиз жүз сегиз миң) сом суммасындагы каражаттарды жамааттык келишим боюнча милдеттерди аткаруу үчүн, ошондой эле ишти материалдык-техникалык камсыздоо максатында пайдалансын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте
2016- жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин ушул каражаттарды пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган чыгымдарды каржылоону караган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017- 2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлүмүнө; экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |