Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-октябры № 453-б
Кѳз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги мейкиндигиндеги экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндѳ кызматташтыкты кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Контрафакттык продукцияларды өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |