Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-октябры № 457-б
Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- салык кызматы органдарынын маалыматтык системасын техникалык колдоого жана коштоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына 8,7 млн (сегиз миллион жети жуз мин) сом бѳлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүу тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |