Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-октябры № 458-б
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун ишин жургүзүү үчүн шарттарды түзүү жана аны керектүү кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдѳѳлѳр институтуна Бишкек шаары, Камская көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан административдик имараттагы жалпы аянты 566,6 кв.м. болгон, биринчи кабатындагы жайларга оңдоо-курулуш иштерин аткарууга 2800,0 (эки миллион сегиз жүз мин) сом бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнѳ жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |