Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-октябры № 462-б
Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине ѳткөрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Орто Азиядагы саламаттык сактоо» региондук программасынын арызынын негизинде 2008-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TCSY61Z0570321, кыймылдаткычынын № ЕВ42203559, ак түстөгү «Ниссан Патрол» маркасындагы жана 2009-жылы чыгарылган, кузовунун № JTMDU09J804017610, кыймылдаткычынын № 1GR5734136, ак түстѳгү Тойота «Ленд Крузер» маркасындагы автомашиналарын «мамлекеттин пайдасына баш тартуу» бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ыкчам башкарууга ѳткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын соцалдык өнүктүрүү бөлүмүнө. финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |