Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-ноябрындагы № 480-б
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жаппы мамлекеттик сынактын женүүчүлѳру болуп төмѳнкулөр аныкталсын жана сыйлансын:
-1 орун 3 ООО ООО (уч миллион) сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмѳтүнө;
- эки II орун 2 ООО ООО (эки миллион) сом байге фонду менен: Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмѳтүнѳ
1 ООО ООО (бир миллион) сом тапшыруу менен;
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө 1 ООО ООО (бир миллион) сом тапшыруу менен;
- III орун 1 ООО ООО (бир миллион) сом байге фонду менен - Ош облусунун Араван районунун Tene-Коргон айыл өкмѳтүнѳ.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Эн мыкты айыл ѳкмѳтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүнѳ байгелерди тапшыруу үчүн 6 ООО ООО (алты миллион) сом бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүулөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Жергиликтүу ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырууну уюштурсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бѳлγмүнө жүкстөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | С.Ш. Жээнбеков |