Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-октябры № 433-б
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын «2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудити жөнүндө» отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын «2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудити жөнүндө» отчету көңүлгѳ алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аныктаган кемчиликтерди жана бузууларды четтетишсин;
- 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча кемчиликтерге жана бузууларга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашсын;
- электр жана жылуулук энергиясын керектөөнүн бекитилген лимиттерин сакташсын;
- чыгашалар сметасын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын катуу сакташсын;
- 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын көрсөтмөлѳрүн аткаруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгышсын, бекитишсин жана эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберишсин;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен иш-чаралар планын аткаруу боюнча 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинде аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды
четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндѳгү маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөнкүлөрдү карасын:
- банктарга жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул төлөө үчүн каралган каражаттардан 86,4 млн (сексен алты миллион төрт жүз миң) сом ѳлчөмүндөгү каражатты максатсыз пайдаланууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин;
- жатак үйлөрдү күтүүгө каралган чыгымдарды оптималдаштыруу маселесин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 «Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык Капиталдык курулуш башкармалыгын жойсун;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду күтүүгө каралган чыгымдарды оптималдаштыруу маселесин карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин атайын эсебин казыналык системасындагы эсепке которуу боюнча чараларды көрсүн;
- кесиптик-техникалык лицейлерди каржылоо стандарттарын (ченемдерин), ошондой эле окуучулардын контингентин бюджеттик жана контракттык негиздерге бѳлүштүрүү принциптерин кароо менен окуу жайларын каржылоо механизмдерин (ченемдерин) иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ош облустук санитардык машиналардын автобазасын жана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын борборлоштурулган бухгалтериясын күтүүгө каралган чыгымдарды оптималдаштыруу маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бирдиктүү төлөөчү системасы аркылуу каржылоо мүмкүнчүлүгү менен карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү жыйноо боюнча салыктык жана бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды жана контролдоону күчөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген наркты жана жумуштардын көлөмүн ашырууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын жана аларга карата административдик таасир берүү чараларын көрсүн;
- төмөнкүлөр боюнча каражаттарды калыбына келтирүү чараларын кѳрсүн:
подряддык уюмдардын каражаттарынын эсебинен курулуш иштерин жүргүзүүдө наркты жана жумуштардын көлөмүн ашырууга жол берилген 64,7 млн (алтымыш тѳрт миллион жети жүз мин) сом өлчөмүндө;
«Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарынын эсебинен Ош шаарынын «Анар» кичи районундагы 3 көп кабаттуу турак үй үчүн сырткы коммуникациялык тармактардын курулушун тең каржылоо» объектиси боюнча зарыл болгон документтерди тариздебестен (аткарылган жумуштардын актылары, өндүрүштүк-техникалык аткаруу документтери жана аткарылган жумуштардын көлөмүн кабыл алуу актылары) аяктабаган курулушка жумшалган 259,1 млн (эки жүз элүү тогуз миллион жүз миң) сом өлчөмүндө;
республикалык бюджетке «Спецстроймонтаж Беркут» жоопкерчилиги чектелген коомуна ашыкча которулган 9,2 млн (тогуз миллион эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
- «Толук» жоопкерчилиги чектелген коому деген подрядчынын 609,5 миң (алты жүз тогуз миң беш жүз) сом суммасындагы дебитордук карызын өндүрүү боюнча чараларды көрсүн;
- курулуш өндүрүшү технологиясына ылайык Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизилген объекттерди каржылоо механизмин иштеп чыксын жана бекитсин: долбоорлук-сметалык документтер; мамлекеттик экспертиза; Турак жай-жарандык курулуш департаментин күтүү; нөлдүк цикл; жер астындагы бөлүк; жасалгалоо жумуштары; атайын жумуштар; аймакты көрктөндүрүү; көмөкчү имараттар жана курулмалар;
долбоордук-сметалык документтерди аткарууга подряддык келишимдерин түзүүдө милдеттүү тартипте келишимдин шарттарында социалдык-маданий тиричилик объекттерин сапатсыз жана толук эмес долбоорлоого, сметалык наркын көбөйтүүгө, ченемдерди ашырууга жол берген долбоорчулардын жоопкерчилигин; айыптык санкцияларды карасын.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктарын карасын;
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кѳрсөтмөлөрүн аткаруу боюнча иш-чаралар планын;
Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында тышкы инвестициялардын натыйжалуулугун баалоонун критерийлерин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептериндеги улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттын калдыгы жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана коомчулук үчүн күн сайын берип турууну;
Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун тең каржылоо каражаттарын пайдалануу жол-жоболорунун ачыктыгын;
республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө ар айлык отчеттогу курстук айырманы милдеттүү чагылдырууну;
- төмөнкүлөргө контролдоону күчөтсүн:
кредиттик/гранттык макулдашуулардын күчүнө кирүү мөөнөттөрү, долбоорлорду ишке ашыруу графиктери, сатып алуулар боюнча жол-жоболорду сактоо жана белгиленген мөөнөттөрдө тѳлөп берүү, долбоорлордун натыйжаларына жетүү үчүн;
республикалык бюджетти колдоого кредиттик/гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн;
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнѳ төмөнкү бюджеттик каражаттарды кайтарып берсин:
«Залкар Банк - Бишкек» ачык акционердик коомунун филиалындагы депозиттик эсепте жайгаштырылган 800,0 млн (сегиз жүз миллион) сом өлчѳмүндөгү;
2016-жылдын каржылоо эсебине Токмок шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын эсебинен «Токмокжылуулук» муниципалдык ишканасына бөлүнгөн каражаттан максатсыз пайдаланган 1,6 млн (бир миллион алты жүз мин) сом өлчөмүндөгү;
- төмөнкүлөр боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн:
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын депозиттик эсептеринде жайгашкан 385,7 млн (үч жүз сексен беш миллион жети жүз мин) сом суммасындагы акча каражатын кайра алуу боюнча;
ички карыздык шаймандарды тейлеө графигинин тактыгын жогорулатуу үчүн Мамлекеттик казыналык милдеттенмелерди жүгүртүү мөѳнѳтүн этабы менен көбѳйтүү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары боюнча берилген көрсөтмөдө аталган Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары менен бирдикте:
товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык запастарын жана каражаттардын калдыктары боюнча эсептөөлөрдү жүргүзсүн;
атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммалардан ашыкча келип түшкөн кирешелерди республикалык бюджеттин пайдасына которсун;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча атайын эсептерди ачуу жана тейлөө үчүн коммерциялык банктарды тандап алуу критерийлерин аныктоо үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин;
- төмөнкүлөр жөнүндө маселелерди карасын:
мамлекеттик карыз жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берип туруу жана мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө толук түшүнүктү камсыздоо үчүн орто жана узак мөөнөттүү келечекке карыз боюнча абалдын өнүгүү сценарийин камтыган мамлекеттик карыздын туруктуулугу боюнча талдоону министрликтин веб-сайтына жайгаштыруу;
кредиторлор менен тышкы карыздын түйшүгүн жеңилдетүү максатында туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорго учурдагы карызды алмаштыруу (своп) мүмкүнчүлүгү;
мамлекетке түздөн-түз экономикалык пайданы алып келүүчү капиталдык салымдардын каражаттарынын эсебинен экспортко багытталган өндүрүштү каржылоо;
мамлекеттик зайымдык каражаттарды толук кайтарып берүүнү камсыздоо максатында күрөө предмети өндүрүүгө алынганда күрөөлүк камсыздоонун (амортизациялык чегерүүлөр) наркын өзгөртүүнү эсепке алуу менен кредиттер жана бюджеттик ссуда боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүγнүн мамлекеттик фондун күтүүгө 68,7 млн (алтымыш сегиз миллион жети жүз миң) сом суммасында мурда берилген кредиттер боюнча пайыздардан жана айыптардан түшкөн каражаттарды республикалык бюджеттин кирешесине которулбаганынын себеби;
эмгек акы төлөө, коммуналдык кызмат көрсөтүү жана башка чыгаша бюджеттик милдеттенмелер боюнча ченемдердин негизинде түзүлүүчү бюджеттик мекемелердин чыгымдарын оптималдаштыруу;
- төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырсын:
Мамлекеттик инвестициялар программасынын зайымдардын валютасындагы кредиттерди өздѳштүрүүнү пландоону;
мамлекеттик баалуу кагаздардын аукциондорунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты министрликтин сайтына жайгаштырууну;
теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын белгиленген тартипте каржылоону;
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелерин бюджеттик каржылоонун бекитилген стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелерин каржылоону (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары);
мамлекет тарабынан алынган тышкы жардамды улуттук жана тармактык артыкчылыктарга ылайык натыйжалуу пайдалануу үчүн тартуу
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен иштерди координациялоону;
бөлүнгөн инвестициялык каражаттарды өздөштүрүүдѳ артта калуу маселесин изилдөөнү;
суммалардан ашыкча келип түшүүлөрдү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын каражаттардын сметаларында өз убагында бекитүүнү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дотациялык органдарынын артыкчылыктарын сактоо менен дем берүүчү (улүштүк) гранттарды каржылоону;
республиканын капиталдык курулуш объекттерин
инвентаризациялоону, артыкчылыкты, зарылчылыкты, өздөштүрүү пайызын жана финансылык каражаттарга болгон иш жүзүндѳгү муктаждыкты эске алуу менен объекттер боюнча капиталдык салымдардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнү камсыздоону;
өлкөнү өнүктүрүүгө кредиттик портфелдин таасирин жыл сайын баалоону;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте төмѳнкүлөр жѳнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун киргизсин:
Тышкы финансылык жардамды тартуу боюнча стратегияны бекитүү;
республикалык бюджеттин балансында утурлама фонддордун эсептериндеги чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарды чагылдырууну жана эсепке алууну жөнгө салуу;
Мамлекеттик инвестициялар программасына киргизүү жана андан чыгаруу үчүн инвестициялык долбоорлорду тандоо критерийлерин регламенттештирүү;
республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келе турган долбоорлорду өз убагында ишке ашырбагандыгы үчүн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну караштыруу;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жѳнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турсун.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жылдын аягына карата түзүлгөн жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынан кирешелердин ашырылган суммаларын коммуналдык кызмат көрсөтүү жана көмүр сатып алуу боюнча түзүлгөн карыздарды жоюуга биринчи кезектеги тартипте пайдалануу сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетти түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары боюнча берилген көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралсын.
12. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү тγзγмдγк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |