Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-сентябры № 408-б
2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга ылайык, Ыкчам жайылтуунун жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен тактикалык машыгуусун сапаттуу даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы 2016-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын аймагында Борбордук Азия регионунун Ыкчам жайылтуунун жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен "Чек-2016" биргелешкен тактикалык машыгуусун (мындан ары - биргелешкен машыгуу) өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү биргелешкен машыгууга тартылган аскердик контингенттин катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын тартылган министрликтерине жана ведомстволоруна белгиленген тартипте акча каражат бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй зарыл чараларды көрсүн:
- биргелешкен машыгуунун катышуучуларына алардын кыймылдуу мүлктөрүнө карата ар кандай укукка каршы аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча;
- биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын аскердик жана башка түзүмдөрүнүн, алардын кыймылдуу мүлктөрүнүн жүрүү маршруттары боюнча тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- биргелешкен машыгуунун катышуучуларына зарыл болгон мончо-кир жуучу жабдууларды жана коммуналдык-тиричилик тейлөөнү берүү менен бекер жайгаштырсын;
- биргелешкен машыгуунун катышуучуларына ооруктук талаа мүлктөрүн бекер берсин;
- биргелешкен машыгуунун катышуучуларына медициналык, анын ичинде дарылоо-алдын алуу жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды камсыздоону уюштуруу жана ишке ашыруу маселелери боюнча көмөк көрсөтсүн, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөндө кечиктирилгис көрсөткүчтөр боюнча кечиктирилгис медициналык, анын ичинде квалификациялуу бекер жардамды көрсөтсүн, ал эми адистештирилген медициналык жардамды жогоруда аталган Макулдашуунун шарттарында жүзөгө ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын өздүк курамын, куралдарын жана аскердик техникасын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүнү жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында ишке ашырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын ЕАЭБдин тышкы бажылык чек арасы аркылуу ташып киргизилген (ташып чыгарылган) кыймылдуу мүлкүн жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында бажылык тариздөөдөн жана бажылык контролдоодон өткөрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен бирдикте биргелешкен машыгуунун катышуучуларынын аскердик эшелондорунун темир жол транспорту аркылуу Балыкчы станциясына чейин баруусун жана анда жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында биргелешкен машыгууну өткөрүүнүн бардык мезгилинде аскердик эшелондун кыймылдуу составына жайгаштырууну камсыздашсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |