Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 2-сентябры № 390-б
Түркмөнстандын Ысык-Кѳлгѳ мейманкана куруусу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 14 жана 48-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Түркмѳнстандын Өнѳр жайчылар жана ишкерлер союзуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык аймагынан мейманкана куруу үчүн аянты 5,23 га жер участогу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин, анын ичинен:
- "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына кирген, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмѳтүнүн Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин 2,36 га жери, чек арасы 1-тиркемеге ылайык;
- "Токой фондунун жерлери" категориясына кирген, Ысык-Көл токой чарбасынын 2,87 га жери, чек арасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жер участогун пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмѳтүнүн ортосунда түзүлуүчү келишимге ылайык аныкталаары белгиленсин.
. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап тургун чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды керүшсүн.
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бѳлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмѳтүнүн
Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын
Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы"
мамлекеттик мекемесинин аянты 2,36 га жер участогунун чек арасын баяндоо
Чек ара сызыгы № 1 чекиттен "Камвольщик" пансионатынын чек арасы боюнча түндүктү карай 185 метр аралыкта № 2 чекитке чейин барат. № 2 чекиттен "Камвольщик" пансионатынын чек арасы боюнча чыгышты карай 13 метр аралыкта № 3 чекитке чейин барат. № 3 чекиттен "Камвольщик" пансионатынын чек арасы боюнча түндүктү карай 30 метр аралыкта № 4 чекитке чейин барат. № 4 чекиттен кургак жер менен түштүк-чыгышты карай 102 метр аралыкта № 5 чекитке чейин барат. № 5 чекиттен кургак жер менен түштүктү карай 183 метр аралыкта № 6 чекитке чейин барат. № 6 чекиттен кургак жер менен түштүк-батышты карай 46 метр аралыкта № 7 чекитке чейин барат. № 7 чекиттен кургак жер менен түштүк-батышты карай 66 метр аралыкта баштапкы № 1 чекитке чейин барат.
2-тиркеме
Ысык-Көл токой чарбасынын аянты 2,87 га жер
участогунун чек арасын баяндоо
Чек ара сызыгы № 1 чекиттен кургак жер менен түндүк-чыгышты карай 66,4 метр аралыкта № 2 чекитке чейин барат. № 2 чекиттен кургак жер менен түндүк-чыгышты карай 38 метр аралыкта № 3 чекитке чейин барат. № 3 чекиттен кургак жер менен түштүктү карай Ысык-Көлдүн жээгине чейин 180,7 метр аралыкта № 4 чекитке чейин барат. № 4 чекиттен Ысык-Көлдүн жээги менен түштүк-батышты карай 174,7 метр аралыкта № 5 чекитке чейин барат. № 5 чекиттен Ысык-Кѳлдүн жээги менен түштүк-батышты карай 28,8 метр аралыкта № 6 чекитке чейин барат. № 6 чекиттен кургак жер менен түндүк-батышты карай 25,7 метр аралыкта № 7 чекитке чейин барат. № 7 чекиттен түндүктү карай "Камвольщик" пансионатынын чек арасы менен 319,1 метр аралыкта баштапкы № 1 чекитке чейин барат.