Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 18-ноябры, № 605
Айыл чарба тармагынын кызматкерлеринин айыл чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоо иретинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкү адамдар энчилүү саат менен сыйланышсын:
Ларионова Татьяна Александровна
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин финансы бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Сатиев Сейдакмат Жунусович
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Нарын облусунун Ат-Башы райондук Жайыл департаментинин адиси. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкү адамдарга алкыш жарыялансын:
Асанов Бактыбекке
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ысык-Кѳл жана Нарын облустары боюнча региондук балык чарба башкармасынын бөлүм башчысы;
|
Жалалов Абдигапарга
| - Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Кара-Дөбѳ" үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси;
|
Камытов Талантбек Жуманазаровичке
| - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Ноокен" айыл чарба кооперативинин жетекчиси;
|
Сыдыгалиев Кунайбек Ашымбековичке
| - Чүй облусунун Чуй районундагы Ак-Бешим айылдык аймагындагы дыйкан чарбанын жетекчиси; |
Тошматова Жумагүл Рузиевнага
| - Ош облусунун Араван районундагы тooк этин өндүрүүчү чарбанын жетекчиси.
|
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |