Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 21-ноябры № 501-б
Өлкөнүн финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кеңеш түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын финансы секторунун туруктуулугун
камсыз кылуу боюнча кеңеш жѳнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) негизги максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Кеңеш финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кризистик кырдаалдар келип чыкканда кризиске каршы чараларды көрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кенештин милдеттери жана функциялары
4. Кеңештин негизги милдети финансы секторунда кризистик кырдаалдан чыгуу боюнча алдын ала чараларды жана/же чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын финансы секторундагы кризистик кырдаалдарды чечүүгө багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашырууда тиешелүү мамлекеттик органдардын ѳз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана координациялоо болуп саналат.
5. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- финансы секторундагы кырдаалга талдоо жүргүзүү;
- финансы секторундагы кризистик көрүнүштөрдү жеңүүгө багытталган болгон жана сунушталган чараларга талдоо жүргүзүү;
- финансы секторундагы кризистик кырдаалдарга даяр болууну камсыздоо жана кризиске каршы чараларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аркеттенүүсү маселелери боюнча бирдиктүү макулдашылган мамлекеттик саясатты түзүүгө көмѳктөшүү;
- айрым системалуу мааниге ээ финансылык институттарда, анын ичинде мамлекеттин финансы ресурстарын пайдалануучу системалуу мааниге ээ мекемелерде кризистик көрүнүштөрдүн кесепеттерин минималдаштыруу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- финансылык туруктуулукту камсыз кылуу максатында системалуу мааниге ээ финансылык институттарды жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигин мүмкүн болуучу ѳзгѳчѳ каржылоо боюнча ыкмаларды кароо жана иштеп чыгуу.
6. Кеңеш өз ишин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу;
- финансы секторунун туруктуулугунун абалына, финансылык туруктуулуктук системалуу тобокелдиктерине жана коркунучтарына байкоо жүргүзүү, ошондой эле аталган тобокелдиктерди, анын ичинде финансы рыногунун айрым сегменттериндеги тобокелдиктерди азайтууга багытталган чаралардын мүнөзү жана (же) колдонуу режими маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштамаларды берүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан Кеңештин милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды суроого жана алууга;
- кризистик кырдаалдарды жеңүү боюнча сунуштамаларды ишке ашырууга тартылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн Кеңештин жыйындарына катышууга чакырууга.
3. Кеңештин ишин уюштуруу
7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кеңештин тѳрагасы болуп саналат. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет.
Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Финансы рыногун жѳнгѳ салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын тѳрагасы, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын инспектору кирет. Жыйынга башка кызыкдар органдардын ѳкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
8. Кеңештин жыйындары зарылдыкка жараша Кеңештин мүчѳлөрүнүн демилгеси боюнча өткөрүлөт. Жыйын өткөрүлүүчү датаны Кенештин тѳрагасы аныктайт.
9. Кеңештин жыйындары анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси добуш берүүгө катышса укуктуу деп саналат. Кеңештин мүчѳлөрүнѳ өз ыйгарым укуктарын башка кызмат адамдарыңа өткөрүп берүүлөрүнө жол берилбейт.
10. Кеңештин жыйындарынын жыйынтыктары боюнча протокол менен таризделүүчү чечим кабыл алынат, ага жыйынга катышкан Кеңештин бардык мүчөлѳрү кол коюшат.
11. Кеңештин чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана сунуштама мүнѳзгө ээ. Добуштар бирдей болуп калган учурда төрагалык кылуучу адамдын добушу чечүүчү болуп саналат. Кеңештин мүчөлөрү өзгөчө пикирин айтууга укуктуу, ал айтылган учурда жазуу жүзүндө жазылып жана протоколго тиркелиши керек.
12. Кеңештин чечимдери жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы же финансы секторунун субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кандай болбосун башка ыкма менен жеткирилиши мүмкүн. Жарыялоо же финансы секторунун субъекттерине берүү үчүн маалыматтардын тизмеги жана кѳлѳмү Кеңеш тарабынан аныкталат.
13.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кеңештин жумушчу органы болуп саналат.
14. Кеңештин жумушчу органы:
- Кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын финансы секторунда кризистик кырдаалдар келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерде кризиске каршы чараларды ишке ашыруу боюнча Кеңештин мүчөлѳрү киргизген жана мамлекеттик органдардан келип түшкөн сунуштарды алдын ала карайт;
- Кеңештин жыйындарын өткөрүүнү уюштурат;
- Кеңештин кезектеги жыйынынын ѳтүүчү датасы, жери, убактысы жана кун тартиби жөнүндө Кеңештин мүчѳлөрүнө кабарлайт жана аларды жыйын өтүүчү датага чейин 5 жумуш күн мурун зарыл болгон материалдар менен камсыздайт;
- Кеңештин жыйындарын өткѳрүү үчүн күн тартибинин долбоорун түзөт жана Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарынын жана мурда кабыл алынган чечимдердин негизинде материалдарды даярдайт;
-Кеңештин чечимдери кабыл алынган күндөн тартып эки жуманын ичинде протоколдун көчүрмөсүн жана зарыл болгон башка материалдарды Кеңештин мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга, башка уюмдарга жөнөтөт;
- Кеңештин жыйындарынын протоколдорун жана чечимдерин туруктуу негизде архивде сактайт;
- Кеңештин документтерин жүргүзүүнү камсыздайт.