Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 21-ноябры № 495-б
"Автомобиль жолдору жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун Лейлек районундагы жана Кадамжай шаарындагы жолдордун унаа жүрүүчү бөлүгүнүн үстүнкү катмарын жана көпүрө өтмөктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн 1220 метр цинктелген зымдан жасалган габиондук торчо-катанканы акысыз негизде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине ѳткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги цинктелген зымдан жасалган габиондук торчо-катанканы сатып алуу үчүн Өзгөчѳ кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 1 573 900,00 (бир миллион беш жүз жетимиш уч миң тогуз жγз) сомду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган материалдарды арналышы боюнча пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |