Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 11-ноябры № 596
Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган сугат айдоо жерлериндеги жер участокторуна инвентаризация өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган сугат айдоо жерлериндеги жер участокторун инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө:
- 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган сугат айдоо жерлериндеги жер участокторунун ээсинин, чектеринин жана аянтынын маалыматтарын көрсөтүү менен персоналдаштырылган реестрди түзсүн;
- трансформациялоого кирбеген (социалдык маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы, ошондой эле инженердик инфраструктураларды курууга) жерлерди ар бир контур боюнча пайдалануунун келечегине талдоо жүргүзсүн.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте материалдарды суроо-талап кылуу жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын
31-июлуна чейин жеке турак үйлөр тургузулуп калган
сугат айдоо жерлериндеги жер участокторун инвентаризациялоо
боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Муратбеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Шамканов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Айнакулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Джумабеков Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сабиров М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Икрамов Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Акматов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир Бол" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шыкмаматов А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Керималиев Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Халитов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Кубатбеков Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Рыспеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Султаналиев Т.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Махаммадов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдрахманов А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Торокулов Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Акматов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Асизов К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Моңолдоров Д.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Кенжебаева А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жердин пайдаланышын жана корголушун көзөмөлдөө, контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Айталиев Б. | - | "Трансформация" элдик кыймылынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Балыбаев М. | - | "Трансформация" элдик кыймылынын активисти (макулдашуу боюнча); |
Кубатаева А. | - | "Трансформация" элдик кыймылынын активисти (макулдашуу боюнча); |
Алияскарова А. | - | "Трансформация" элдик кыймылынын активисти (макулдашуу боюнча). |