Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 31 октябры № 582
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча делегациялардын 2016-жылдын 1-4-ноябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жѳнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен тѳлөнсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын
ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча
делегациялардын 2016-жылдын 1-4-ноябрында Казакстан
Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушуусуна
катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын
курамы
Искандаров К.А.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;
|
Катанаев А.Г.
| Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Касмалиев А.К.
| -Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Момбеков А.А.
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Ботобаев К.К.
| -Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Жакыпов Б.М.
| -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги |
Махмутов Р.А.
| -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Иманалиев М.Б. | -Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин атташеси;
|
Мандычев Н.И. | -Кыргыз Республикасынын Өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги.
|