Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2016-жылдын 11-ноябры № 598
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын делегацияларынын 2016-жылдын 14-17-ноябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жѳнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен тѳлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын
ортосундагы мамлекеттик чек араны
демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын
делегацияларынын 2016-жылдын 14-17-ноябрында Казакстан
Республикасынын Алматы шаарында өтө турган жолугушуусуна
катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын
курамы
Искандаров К.А. | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Катанаев А.Г. | -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Касмалиев А.К. | -Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Момбеков А.А. | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ботобаев К.К. | -Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Жакыпов Б.М. | -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын башкы инженери; |
Махмутов Р.А. | -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Иманалиев М.Б. | -Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин атташеси; |
Мандычев Н.И. | -Кыргыз Республикасынын Өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги. |